Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
25/05 12:35
 

1-вице-премьер-министр: “Эл аралык көргөзмө жаңы техникалык мүмкүндүктөрдү тартуулоо үчүн аянтча болуп саналат”

 1-вице-премьер-министр: “Эл аралык көргөзмө жаңы техникалык мүмкүндүктөрдү тартуулоо үчүн аянтча болуп саналат”

Бишкек, 25-май /Кабар/. «Биз бул багыттагы иштерди улантуу менен дыйкандарды айыл чарба техникасын жана технологияларды жаңыртуу аркылуу чыгымдарды кескин кыскартып, айыл чарба продукциясынын дүң жыйымын жогорулатуу мүмкүндүгүнө ынандыруубуз керек», – деп белгиледи 1-вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 25-майда «Айыл-Агро-2016» IV Эл аралык агро өнөр-жай көргөзмөсүнүн ачылышында.

Ал билдиргендей, атамекендик өндүрүшчүлөр продукцияны жергиликтүү гана эмес, тышкы рынокторго да чыгаруусу зарыл. «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү менен биздин товар өндүрүүчүлөргө 200 млндон ашуун керектөөчүлөрү бар рынокко жол ачылды. Бул республикабыздын экологиялык жактан таза продукциясын экспорттоо үчүн чоң мүмкүндүк болуп саналат».
Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкөнүн айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүн техникалык жактан кайрадан камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга токтолду.

«Республиканын 80% ашуун айыл чарба техникасынын пайдалануу мөөнөтү 20-25 жылдан жогору эсептелет. Ошондуктан, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аталган багытта активдүү иш жүрүүдө. Төрт жыл ичинде машина-трактордук парктарды жаңыртуу жана айыл чарба техникасын лизинге берүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынууда. Бул максатта ар кыл булактардан акчалай каражаттар тартылып, жыл сайын лизинг тутуму боюнча берилген айыл чарба техникасынын саны жогорулоодо. Көрсөтүлгөн убакытта 1700дөн ашуун айыл чарба техникасы берилген», – деп белгиледи 1-вице-премьер-министр.

Эл аралык «Айыл-Агро-2016» агро өнөр-жай көргөзмөсү агро өнөр-жай комплексиндеги жаңы техникалык мүмкүндүктөрдү тартуулоо үчүн борбордук аянтча болуп саналат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүп, «Айыл Банк» ААК жана «Росагромаш» айыл-чарба техникаларын чыгаруучу ассоциациясынын стратегиялык өнөктөштүгү алкагында ишке ашууда.

Көргөзмөгө дүйнөнүн 20 ашуун өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышууда. Кыргызстан көргөзмөдө инвестициялык мүмкүндүктү жана өлкө колоритин чагылдырган 7 дубандан өндүрүлгөн айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн продукциясын, эл керектөөчү товарларды жана улуттук сувенирлерди тартуулоодо.
Көргөзмө 25-27-майга дейре созулат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу