Экономика

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
25/05 11:46
 

Бишкекте “Айыл-Агро-16” эл аралык көргөзмө ачылды

 Бишкекте “Айыл-Агро-16” эл аралык көргөзмө ачылды

Бишкек, 25-май /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги эски аянтта “Айыл-Агро-2016” эл аралык көргөзмөсү ачылды. Анын ачылыш салтанатына 1-вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев жана башка расмий адамдар катышты. Үч күндүк иш-чарада быйыл 20 өлкөдөн 32 ишкана-заводдордун өкүлдөрү келген.

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдиргендей, дүйнөгө белгилүү "Класс", "Лемкен", "Жон Дир", "Гримме", "Амазоне", “Россельмаш”, МТЗ, “Гомсельмаш”, "Клевер" жана башка бренддердин шаймандары, минералдык жер семирткичтер, биотехнология, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу заттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар, ошондой эле айыл чарбасындагы жаңы технологиялардын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзөт.“Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү быйыл төртүнчү ирет уюштурулууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу