25.05.2016, 10:19

Республикада малды эсепке алуу башталды

 Республикада малды эсепке алуу башталды

Бишкек, 25-май /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын "Малды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамын аткаруу иретинде республикада малды идентификациялоо процесси башталды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бүгүнкү күндө малды идентификациялоо үчүн жалпы суммасы 2,2 млн доллар турган 500 комплект жабдуу сатылып алынды жана 500 миң доллар суммасына атайы программалык камсыздоо иштелип чыккан.

Республиканын бардык айыл өкмөттөрү тийиштүү жабдуу менен камсыздалат.
Учурда малды идентификациялоо процесси Кара-Буура, Ысык-Ата жана Ноокат райондорунда жүргүзүлүүдө. Жакынкы аралыкта республиканын бардык аймактары тийиштүү жабдуулар менен камсыз болот. Бүгүнкү күндө жабдуулар аймактарга жөнөтүлүүдө, анын курамына компьютерлер жана смартфондор кирет.

Мал жандыктарды идентификациялоо иши мал чарба продукциясын экспорттоодогу талаптарды дүйнөлүк стандарттарга дал келтирүү максатында аткарылууда.