Экономика

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
24/05 18:40
 

Тармактык комитет Президенттин каршы пикири менен макул болду

Тармактык комитет Президенттин каршы пикири менен макул болду

Бишкек, 24-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 2016-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-декабрындагы Мыйзамы менен ратификацияланган, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө» мыйзамга КР Президентинин каршы пикири менен макул болду.

Эске салсак, IV чакырылыштагы парламенттин депутаты Марат Султанов КР Өкмөтү менен КЭР Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда өзгөртүү киргизип, республикалык бюджетке түшчү кирешени кайра бөлүштүрүү демилгесин көтөргөн. 2016-жылдын 10-мартында кабыл алынган мыйзамга ылайык, республикалык бюджетке каражаттын 80 пайызы, Ош облусунун жана Ош шаарынын өнүктүрүү фондуна 10 пайызы, Алай жана Чоӊ-Алай райондорунун өнүктүрүү фондуна 10 пайызы түшмөк.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу