24.05.2016, 14:36

“Түндүкэлектр” Чүй жана Талас облустарына 34 425 үч фазалык эсептегичтерин орнотот

Бишкек, 24-май /Кабар/. “Түндүкэлектр” 2016-жылдын III кварталында Чүй жана Талас облустарына “акылдуу” эсептегичтерди орнотмокчу. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Акционердик коом өз каржы эсебинен электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасына (ЭКЭАМЧАС) кошулган 34 425 үч фазалык эсептегичтерди сатып алмакчы.

Сатып алынган эсептегичтердин жалпы санынан 3 миң бирдиги Талас облусуна орнотулат жана 31 миң 425 бирдиги Чүй облусу үчүн каралган.
“Түндүкэлектр” эсептегичтерди сатып алууга 251 млн сом бөлгөн. Жабдууну тендер жеңүүсү болгон кытай заводу жеткирип берет.