Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
24/05 10:50
 

Жапония Өкмөтү Кыргызстанга гранттык жардам бөлдү

 Жапония Өкмөтү Кыргызстанга гранттык жардам бөлдү

Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылы 26-октябрда Бишкек шаарында кол коюлган, кичи жана орто бизнестин товарларын сатып алуу үчүн Жапония Өкмөтүнүн долбоорлук эмес Гранттык жардам берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жапония Өкмөтү ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылы 14-апрелде кабыл алган.

Долбоорлук эмес гранттын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүнү алгалатуу боюнча көрүп жаткан аракеттерине көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Бул грант Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалаӊ гана эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары макулдашкан тизмеде саналган продукцияны сатып алуусу үчүн пайдаланылат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу