Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
24/05 09:14
 

Кыргызстан Сингапур менен соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар

Кыргызстан Сингапур менен соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар

Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргызстан Сингапур менен соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар, – деди 23-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Сингапур Республикасынын Соода жана өнөр жай мамлекеттик министри Ко По Кун менен болгон жолугушуусунда.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов кыргыз тарап Сингапур Республикасы менен соода-экономикалык алаканы арттырууга кызыкдар экенин кошумчалады.
«Сингапур экономиканы модернизациялоо жана мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү жаатындагы натыйжалуу реформаларды ишке ашырууда тажрыйбасы мол. Биз мамлекеттик башкаруу, логистика жана индустриалдык парктарды түзүү сыяктуу багытта тыгыз кызматташууга даярбыз. Өз-ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөр бар жана аны эки өлкө үчүн максималдуу түрдө пайдалануу зарыл», – деди О.Панкратов.
Өз кезегинде Сингапурдун соода жана өнөр-жай мамлекеттик министри Ко По Кун эки өлкө ортосундагы эки жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Кыргызстан менен Сингапур ортосундагы эки тараптуу мамиленин динамикалуу өсүүсүнө дем берүү максатында өлкөлөр ортосунда Инвестицияларды коргоо жана кош салык салуудан баш тартуу боюнча макулдашуу иштелип жатат.Бул кыргыз экономикасына сингапурдук инвестицияны тартуу жөндөмдүүлүгүн арттырат. Ошону менен катар ЕАЭБ курамындагы Кыргызстан үчүн келечекте эркин соода аймагын түзүүгө шарт түзөт”, – деп баса белгиледи Сингапур Республикасынын Өкмөт мүчөсү.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу