23.05.2016, 12:56

Сауд фонду Кыргызстан аймагында 16 мектеп курууга 2 млрд 100 млн сом бөлөт

 Сауд фонду Кыргызстан аймагында 16 мектеп курууга 2 млрд 100 млн сом бөлөт

Бишкек, 23-май /Кабар/. Макулдашуу долбооруна ылайык, Сауд фонду Кыргызстандын мектептерин куруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 2 млрд 100 млн сом көлөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул каражат 2019-жылга чейин өлкө аймагында 16 мектеп, анын ичинде Бишкек шаарында 2 мектеп курулууга тийиш. Мектептердин тизмеси Өкмөт тарабынан аныкталат.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндө” насыялык макулдашуу долбоорун жактырды.