Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/05 12:42
 

“Айыл-Агро-2016” көргөзмөсүндө айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шартта алууга болот

 “Айыл-Агро-2016” көргөзмөсүндө айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шартта алууга болот

Бишкек, 23-май /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо департаментинин директору Нурлан Кожогулов билдирди.

“Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү жыл сайын кандайдыр бир артыкчылык менен өтүп келе жатат. Анткени, ага катышкан дыйкандардын жана заводдордун саны улам өсүп, ага кызыгуулары артып жатат. Бүгүнкү күндө бул көргөзмөдөн дыйкандар өздөрүнө керектүү айыл чарба техникаларды жеңилдетилген шартта ала алышат. Бул бирден бир өзгөчөлүгү. Ошондой эле, мамлекет тарабынан колдоого алынган лизинг программалары аркылуу техникаларды ала алышат”,-деди Н.Кожогулов.

Анын айтымында, “Айыл-Агро-2016” көргөзмөсүнө айыл чарбасына керектүү жаңы технологиялардын жаңы үлгүлөрүн жана дыйкандарга керектелүүчү буюм тайымдардын бир топ түрлөрүн кездештирүүгө болот.

“Ал эми көргөзмөнүн жүрүшүндө дыйкандар техниканы түздөн-түз сатып алуу үчүн билдирүү берүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошону бул көргөзмөнүн жыйынтыгында өлкөбүздө ар түрдүү айыл чарба техникаларын сатып өткөрүүдө атаандаштык рыногу ачылышы толук ыктымал”,-деп кошумчалады ал.

Мындан сырткары, Н.Кожогулов салтка айланган “Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү биздин дыйкандарды кызыктырган ар түрдүү багыттагы суроолорго жооп таба алышаарын айтып жыйыныктыктады өз сөзүн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу