Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/05 11:42
 

25-майда Бишкекте “Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү өтөт

 25-майда Бишкекте “Айыл-Агро-2016” көргөзмөсү өтөт

Бишкек, 23-май /Шаххан Мырзабеков -Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирди.

Анын айтымына караганда, 2016-жылы 25-майда саат 10:00до КРнын Өкмөттүнүн аянтында төртүнчү ирет эл аралык “Айыл-Агро-2016” агроөнөржай көргөзмөсү өткөрүлөт. Көргөзмөнүн жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзөт.

“Бул көргөзмөгө дүйнө жүзүнүн 20 өлкөсүнөн 32 техника чыгарып, сатуучу фирмалардын жана заводдордун катышуусу күтүлүүдө. Көргөзмөнүн катышуучуларына айыл чарба техникаларынын бардык түрү, сокодон баштап дан комбайындарына чейин көрсөттүлөт. Көрүүчүлөргө дүйнөдөгү белгилүү болгон Класс, Лемкен, Джон Дир, Гримме, Амазоне, “Россельмаш”, МТЗ, “Гомсельмаш”, Клевер жана башка маркадагы техникалар сунушталат. Мындан сырткары, биотехнология, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу каражаттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар, ошондой эле айыл чарбасындагы жаңы технологиялардын үлгүлөрү көрсөтүлөт”,- дейт Т.Бекбоев.

“Көргөзмөгө боз үйлөрдөн турган улуттук экспозиция иштейт жана ал жерде 7 облуста өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары, тамак-аш, жана кайра иштетүү өнөр жайынын экспонанттары, улуттук буюмдар, белектер жана башка эл керектөөчү товарлардын үлгүлөрү көрсөтүлөт”,- деп кошумчалады ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу