Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
21/05 14:02
 

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары ЕАЭБ мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун түзүү концепциясын кабыл алды

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары ЕАЭБ мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун түзүү концепциясын кабыл алды

Бишкек, 21-май /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн Премьер-министрлери 20-майда Ереванда, Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун түзүү концепциясын кабыл алды.

Өкмөт башчылар ошондой эле бир катар документтерге, алсак, Координацияланган транспорттук саясат жөнүндө протоколдун №2-тиркемесинин жоболорун пайдалануу (2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин №24-тиркемеси); Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып жүрүү тууралуу келишим; Евразиялык экономикалык комиссиянын чечим долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун жүргүзүлүшүнүн мониторинги тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын ар-жылкы 2015-жыл үчүн отчету; ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимди даярдоо мөөнөттөрү тууралуу документтерге кол коюшту.
Мындан сырткары Евразиялык өкмөт аралык кеңештин катышуучулары келерки жыйынды 2016-жылдын август айында Сочиде жана 2016-жылдын октябрь айында Минскде өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Белгилесек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБ түзүү жөнүндө келишимдин аткарылышын жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечимдерин мамлекет башчыларынын деңгээлинде ишке ашырылышын камсыздап, Евразиялык экономикалык кеңешке тапшырма берет. ЕАЭБ курамына кирген Өкмөт башчыларынын жолугушуусунда, биримдикке кирген мамлекеттердин интеграциялык кызматташуусунун принципиалдуу маселелеринин маанилүү бөлүгү каралат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу