20.05.2016, 17:58

Жумабек Асылбеков: “ЖКнын депутаттары айткан сөздөргө мен кошулбайм”

 Жумабек Асылбеков: “ЖКнын депутаттары айткан сөздөргө мен кошулбайм”

Бишкек, 20-май /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин товар өндүрүүчүлөр продукциясын экспортко чыгара албай кыйналып жатат деген пикирлерге комментарий берип жатып айтты.

Анын айтымына караганда, ал Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр продукциясын экспортко чыгара албай кыйналып жатышат деген сөздөргө кошулбайт.

“Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) киргенден кийин биздин бажы кызматы алынып салынды. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берген маалымат боюнча товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясы экспортко официалдуу түрдө аз кетип жаткандай көрүнүүдө. Бирок, факты түрүндө же биздин жүргүзгөн мониторинг боюнча көрсөткүч андай эмес.

Анткени, биз жүргүзгөн мониторингди карай турган болсок, сезон маалында күнүгө Казаксатан менен Россияга айыл чарба продукциясын жүктөгөн 100дөй чоң машина кетип жатты. Орточо эсеп менен ар бир машина 20 тоннадан эле айыл чарба продукциясын жүктөп кетсе, анда бир күндө эле 2 миң тоннага жакын айыл чарба продукциясы экспортко чыгып жатты. Мындан сырткары дагы башка анализди карап көрсөк, бизде өткөн жылы 1 млн 416 миң тонна картошко өндүрүлгөн. Биз өзүбүз 1 млн тоннага жакын картошканы керектейбиз, калганы экспортко чыгат. Биз аны саттык. Бул статистиканын маалыматына кирбегени менен бизде картошка сатылбай калган жок. Учурда элдин колунда 200 тоннага жакын картошка калгандыр. Ошон үчүн биз ЕАЭБге кирбегенде мынчалык картошкабызды экспортко чыгара албай калмакбыз. Билесиздер, биримдикке кире электе биздин дыйкандар картошкасын сыртка сата албай талаага төгүшкөн. Ал эми быйыл андай көрүнүштөр жок”,-дейт Ж. Асылбеков.

“Ошондой эле, бүгүнкү күндө фитосанитардык мекемесине караган Ош менен Бишкектеги лабораториялар каттоодон өтүп, алар эл аралык сертифкат бергенге мүмкүнчүлүк алды.
Ошондуктан лаборатория куруу иштеринде алдыга жылуулар болуп жатат десек болот. Анткени, лабораториялар курулбаса анда биз мурдагыдай эле абалда кала бермекпиз”,- деп кошумчалады ал.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы