Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/05 17:06
 

Бишкекте мамлекеттик сатып алуулар тууралуу семинар өтөт

 Бишкекте мамлекеттик сатып алуулар тууралуу семинар өтөт

Бишкек, 19-май /Кабар/. 23-майда Финансы министрлигинде “Аралыктан окутууну киргизүү жолу менен мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы КРнын улуттук потенциалын күчөтүү” деген темада семинар болот. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарада Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгү Финансы министрлигине “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” курсу боюнча “Символикалуу СD-дискти” расмий түрдө өткөрүп бермекчи.

Ошондой эле, Дүйнөлүк банк тарабынан аткарылып жаткан “Өнүктүрүүнүн натыйжалуулугуна жетишүү үчүн сатып алуулар жаатындагы потенциалды күчөтүү” грантын ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, сатып алуучу уюмдардын өкүлдөрүн жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы жеткирүүчүлөрдү аралыктан окутууну өнүктүрүүнүн мындан аркы келечеги талкууланат.

Семинарды Финансы министрлигинин Окуу борбору Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн финансылык колдоосу менен уюштурууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу