Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/05 17:46
 

Жумабек Асылбеков:“Өлкөгө аткезчилик менен келген азык-түлүктү алдын алуу чаралары көрүлөт”

Жумабек Асылбеков:“Өлкөгө аткезчилик менен келген азык-түлүктү алдын алуу чаралары көрүлөт”

Бишкек, 18-май /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Айыл чарба министрлигинин азык–түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков билдирди. Ал аткезчилик жолу менен келип жаткан айыл чарба продукциялары ишкерлерге жана өлкөнүн рыногуна терс таасирин тийгизип жатат деген пикирлерге комментарий берди.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке мүчө. Ошондуктан биз бул биримдикке мүчө болуп киргенден кийин Кыргызстанда бажы көзөмөлү алынып салынган. Мындан улам бажы көзөмөлү жок. Бирок, биримдиктин талаптарына ылайык биздин ишкерлер сырттан канча товарды өлкө ичине алып келип жаткандыгын так көрсөтүүлөрү керек. Бул айыл чарба продукциясына да тиешелүү”,-дейт Ж.Асылбеков.

“Ошондой эле бүгүнкү күндө бизге бир гана күнөсканалардан чыккан айыл чарба продукциясы эле эмес башка да продукциялар аткезчилик жол менен келүүдө. Аны көзөмөлгө алуу иши бир аз кыйын болуп жатат. Биздин Өкмөт мындай мыйзамсыз иштерди алдын алуу максатында буга чейин атайын иш чараларды өткөргөн. Тактап айтканда, мындай мыйзамсыз иштерди болтурбоо үчүн декларация кабыл алууга өзүбүздүн эле ишкерлер ага каршы чыгып, аны алдырып салышкан эле. Учурда мунун терс кесепеттерин көрүп жатабыз, эгерде декларация кабыл алынганда бизге сырттан келген товарларды да көзөмөлдөөгө жеңил болмок. Бирок, тилекке каршы бул ишке ашпай калгандыктан, биз бүгүнкү күндө өзүбүздүн ишкерлерди колдоо максатында мониторинг жүргүзүү иштерин күчөтүп, ар кандай иш чараларды жүргүзөбүз”,- деп кошумчалады ал.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу