Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/05 17:38
 

Мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруу жайлар жоопко тартылышы керек

 Мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруу жайлар жоопко тартылышы керек

Бишкек, 18-май /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине “Альняс” акча алмаштыруучу ассоциациясынын төрагасы Бакыт Чойбеков билдирди.

“Бүгүнкү күндө улуттук банктын берген маалыматына таяна турган болсок, өлкөбүздө 1000 чукул акча алмаштыруучу жайлар бар. Алардын ичинен 360ка жакыны уруксат алып, мыйзам түрүндө иш алып барат. Ал эми калганынын уруксаты жок. Бул жайлардын көбү өлкөбүз эгемендикти алгандан баштап иштеп келе жатат”,-деди Б.Чойбеков.

Өз сөзүндө Б.Чойбеков мыйзамсыз иштеп жаткан жайларга айып пулду көбөйтүп, аларды жоопко тартылышы туура көтөрүлгөн маселе экендигин баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду: “Биздин ассоциациянын түзүлгөнүнө эки жылдын жүзү болуп калды. Бул убакыттын ичинде 80ден ашык акча алмаштыруучу жайга иштөөгө уруксат алып бере алдык. Анын ичинде Дордойдогу 18 акча алмаштыруучу жайлары дагы бар. Ал эми мыйзамсыз иш алып барган акча алмаштыруучу жайлар биздин атаандаштар болуп саналат”,-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, бүгүн айрым маалымат булактары "Дордойдогу" акча алмаштыруучу жайлардын 90% уруксаты жок иштеп жатканыдыгы тууралуу жазып чыккан эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу