Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/05 16:20
 

Апрелде “Түндүкэлектр” абоненттери электр энергияга болгон карызын 93,7 млн сомго азайтты

 Апрелде “Түндүкэлектр” абоненттери электр энергияга болгон карызын 93,7 млн сомго азайтты

 Бишкек, 18-май /Кабар/. “Түндүкэлектр” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 2016-жылдын 1-май айына 609,1 млн сомду түздү. Май айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 93,7 млн сомго же 13,3 % төмөндөтүштү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Дебитордук карыздын төмөндөшү “Түндүкэлектр” тейлеген бардык аймактарда байкалууда. Тактап айтсак, бишкектиктер керектелген электр энергияга болгон карыздарын 32,1 млн сомго же 13,1 % га азайтышты. Чүй облусунда 15,4, Таласта 7,9 пайыз төмөндөдү.
Март айында төлөмдү өз маалында жүргүзбөгөндүгү үчүн 11 781 абонент өчүрүлгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу