Апрелде “Түндүкэлектр” бөлүштүрүүчү компания 581 млндон ашуун сом чогулткан

Бишкек, 17-май /Кабар/. Апрель айында “Түндүкэлектр” бөлүштүрүү тармактарына 399,3 млн кВт саат электр энергиясы келип түштү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 480 млн сомду түзүп, анын 581, 6 млн сому чогултулган.
Апрель айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында – 127,3, өндүрүштүк объектилерден - 111, бюджеттик уюмдардан – 158,4, айыл чарба объектилеринен – 94,8 жана башка керектөөчүлөрдөн – 102,5 пайыз аткарылды.
Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу борбор калаабызда 115, Чүй облусунда - 126,6,Талас облусунда – 135 пайызды түздү.
Апрель айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 12,29 пайыз болгон.