Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/05 14:38
 

«Айылбанктын» кредиттик портфели келечекте 20 млрд сомго дейре жогорулашы мүмкүн

 «Айылбанктын» кредиттик портфели келечекте 20 млрд сомго дейре жогорулашы мүмкүн

Бишкек, 17-май /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда «Айыл-банк» ААК башкармалыгынын төрайымы Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды.

Республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн насыялоонун суммасын жана ага карата жеткиликтүүлүктү жогорулатуу маселеси талкууланды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков фермерлер жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөр үчүн кредиттик ресурстарды алуу шарттарын жеңилдетүү, насыялоо суммасын жогорулатуу боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.

«Айыл чарбасын ырааттуу өнүктүрүү үчүн насыялар төмөнкү үстөк менен жана узак мөөнөткө берилиши кажет. Ушундай болгондо гана фермерлер тийиштүү техниканы жана жабдууларды ала алат. Бул жеке чарбасын кеңейтүү үчүн бардык мүмкүндүктөргө ээ болгон атамекендик дыйкандар үчүн ЕАЭБ рыногуна чыгууда чоң көмөк болот», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Бактыгүл Жээнбаеванын маалыматына ылайык, «Айылбанктын» кредиттик портфели 11 млрд сомду түзөт. Үстүбүздөгү жылдан тарта өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө жана ага колдоо көрсөтүүгө 4 млрд сом суммасындагы кредит берилген, жыл соңуна дейре болжол менен дагы 4 млрд сом берилет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, ар жыл сайын айылдыктарды насыялоо көлөмү жогорулоодо. Ал «Айылбанктын» мисалында белгилегендей, келечекте банктын агрардык тармакты өнүктүрүү үчүн кредиттик портфели 20 млрд сомго дейре жогорулатылышы тийиш.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу