17.05.2016, 14:17

Министр Адылбек Касымалиев: “Кыргызстандын Бюджеттик кодекси 10 өзөктүү бөлүмдөн турат”

 Министр Адылбек Касымалиев: “Кыргызстандын Бюджеттик кодекси 10 өзөктүү бөлүмдөн турат”

Бишкек, 17-май /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Кечээ, 16-майда КР Президенти кол койгон Кыргызстандын Бюджеттик кодекси 10 өзөктүү бөлүмдөн турат. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

“Ар бир бөлүмдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, бюджеттик инвестицияларды, мамлекеттик жана муниципалдык карызды, КР Социалдык фондунун, КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медицикалык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин түзүү, карап чыгуу, бекитүү, тактоо жана аткаруу процессинде мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатында келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздери белгиленген. Ошондой эле, бюджет процессинин катышуучуларынын статусу белгиленип, бюджеттик мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчиликтин укуктук негизи аныкталган”,,-деди ал.

Анын маалыматына караганда, Бюджеттик кодекс бюджеттик системанын принциптерин бекитип, алардын мазмунун ачыктайт, мурда бюджеттик мыйзамдарда каралбаган принциптерди бюджеттик системанын принциптеринин тизмегине киргизет.

“Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы республикалык бюджетти, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин, жергиликтүү бюджеттерди камтыйт. Бюджеттик кодекстин 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы биримдик, толуктук, натыйжалуулук, приоритеттүүлүк, ырааттуулук, бюджеттердин өз алдынчалуулугу, бюджеттин жоопкерчилиги, ачык-айкындыгы, теңдемдүүлүгү сыяктуу 9 принципке негизделген”-деп кошумчалады А. Касымалиев.