17.05.2016, 13:50

16-майда КР Президенти Кыргызстандын Бюджеттик кодексине кол койду

Бишкек, 17-май /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган. Быйыл 16-майда КР Президенти бул документке кол койду. Бул тууралуу бүгүн 17-майда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРдын Финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, Бюджеттик кодекс бюджет процессин жөнгө салуучу “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Казынасынын негизги жоболору жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдарынын жыйындысы болуп саналат.

“Бюджеттик кодексти иштеп чыгуу - мыйзамдардын чачыранды ченемдерин олуттуу түрдө кайра иштеп чыгып, бирдиктүү ченемдик комплекске топтоо жана өлкөнүн бюджеттик мыйзамдарынын негизи боло турган бирдиктүү коддоштурулган мыйзамдык актыны кабыл алуунун зарылчылыгынан улам келип чыккан. Ошондой эле Бюджеттик кодексти иштеп чыгуунун максаты - бюджет процессин ыңгайлаштыруу жана өлкөнүн бюджет процессин дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу, прогрессивдүү жаңычылдыктарга үйүр алдыруу үчүн бюджеттик мыйзамдарды жакшыртуу зарылчылыгы менен да шартталган”,-деди А. Касмалиев