Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/05 18:31
 

Казакстандан кагаздарды, картондорду, макулатураларды жана калдыктарды Кыргызстанга алып келүүгө болбой жатат

 Казакстандан кагаздарды, картондорду, макулатураларды жана калдыктарды Кыргызстанга алып келүүгө болбой жатат

Бишкек, 16-май /Кабар/. КРдын Экономика министрлиги регенерирленген кагаздарды, картондорду, макулатураларды жана калдыктарды ЕАЭБдин ички рыногунда функциялаштыруунун алкагында Казак Республикасы тарабынан тарифтик эмес бирдиктүү чараларды жөнгө салууну аткаруунун зарылдыгы тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) тарабынан Чечим кабыл алынгандыгын эске салат. Бул тууралуу КРдын Экономика министрлигинен билдирди.

Жыл башынан бери ЕЭКнын аянтчасында кыргыз-казак эки тараптуу жана көп тараптуу консультациялардын өтүшүүнүн жыйынтыгы боюнча ЕЭК Коллегиясы тарабынан 2016-жылдын 10-майында “Казакстан Республикасы тарабынан ЕАЭБнын ички рынокторун функциялаштыруунун алкагында регенерирленген кагаздарды, картондорду, макулатураларды жана калдыктарды өз ара соодалашуу милдеттерин аткаруусу тууралуу” №42 Чечими кабыл алынган.

Эске салсак, бирдиктүү рынок жана ЕАЭБнын ичинде товарлардын эркин жүрүүсү камсыздалган ЕАЭБга Кыргызстан киргенден кийин КРдын кагаз иштетүү тармагы Казакстандан тоскоолдуксуз сырье алууга үмүттөнгөн болчу. Ошого карабай Казакстанда тыюу салынгандан улам бул өлкөдөн регенерирленген кагаздарды, картондорду, макулатураларды жана калдыктарды Кыргызстанга алып келүүгө мүмкүн болбой жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу