Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/05 18:06
 

“Жеткиликтүү турак-жай” программасын каржылоо үчүн 3,7 млрд сомго мамлекеттик казначейлик облигациялар чыгарылат

Бишкек, 16-май /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. “Жеткиликтүү турак-жай” программасын каржылоо үчүн 3,7 млрд сомго барабар облигация чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында КРнын Каржы министри Адылбек Касымалиевдин билдирди.

“3,7 млрд сомго мамлекеттик казначейлик облигациялар чыгарылат. Шартуу түрдө бир облигациянын баасы 1 миң долларга бааланып 5 жылдык мөөнөткө чыгарылат. Алар ссуда түрүндө 10 жылга Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет”,-дейт А.Касымалиев.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеевдин билдиргенине караганда аталган сумма 2 миң 500 жаранды турак-жай менен камсыз кылууга жетет. Учурда ипотеканы 21 жаран алды. Ал эми ипотека алуучу 750 жарандын тизмеси бекитилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу