16.05.2016, 14:41

“Түндүк электрдин” абоненттери апрель айында 37,422 млн кВт/саат электр энергияны үнөмдөштү

 “Түндүк электрдин” абоненттери апрель айында 37,422 млн кВт/саат электр энергияны үнөмдөштү

Бишкек, 16-май /Кабар/. “Түндүк электр” ААК абоненттери 2016-жылдын апрель айында 382,3 млн кВт/саат электр энергиясын сарпташты. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

КР Өкмөтү тарабынан каралган (26.04.2016 ж. № 215) токтомго ылайык, ченемден 37,5 млн кВт/саатка жакын же 8,92 % үнөмдөлдү. Салыштырмалуу, 2015-жылдын март айында “Түндүк электр” ААК боюнча 383, 2 млн кВт/саат электр энергиясы керектелген.

Бул жылдын апрель айында Кыргызстандын борбор калаасында 6, 7 млн. кВт саат электр энергия үнөмдөлгөн. Мерчемделген 186,5 млн. кВт/сааттан бишкектиктер 179,8 млн кВт/саат электр энергия керектешкен.

Чүй облусу боюнча каралган 198,4 млн. кВт сааттан 175, 7 млн кВт/саат электр энергиясы пайдаланылган. Талас облусунда мерчемделген 34,7 млн кВт/сааттын 26,6 млн кВт/сааты керектелген.