Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/05 11:14
 

10 адистештирилген уюм пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду

Бишкек, 16-май /Кабар/. КРнын өкмөттүнүн “КР Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган 10 адистештирилген уюмдун тизмеги бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдар:

- Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы;

- “Ошсууканал” Ош муниципалдык ишканасы;

- Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы;

- “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому;

- “Түндүкэлектр” ачык акционердик коому;

- “Чыгышэлектр” ачык акционердик коому;

- “Ошэлектр” ачык акционердик коому;

- “Жалалабадэлектр” ачык акционердик коому;

- Жалал-Абад мэриясына караштуу “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгы;

- “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу