13.05.2016, 15:31

2016-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 108 млрд сомду түздү

Бишкек, 13-май /Кабар/. 2016-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 4,9 пайызга төмөндөдү же 108 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Улуттук сатистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, алдын ала эсепөөлөр боюнча 2016-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн ички дүң өндүрүмү 108 млрд сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 пайызга төмөн.

“Кумтөрдү” эске албаганда ички дүң өндүрүм 101 млрд сомду түздү.
Статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында ИДӨнүн жалпы көлөмүнүн негизги бөлүгү (56 пайыз) тейлөө тармагынан келип тишкөн. 17 пайызы өндүрүштөн, 9 пайыз айыл чарбадан жана 6 пайыз курулуш тармагынан түшкөн кирешелер.