12.05.2016, 14:05

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттады

 Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттады

Бишкек, 12-май /Кабар/. Бүгүнтөн тартып республиканын баардык аймактарында АИ-92, АИ-95 жана АИ-98 маркасындагы бензиндин баасы 1 сомго жогорулады. Бензиндин башка маркаларына жана дизель отунуна карата баалар мурдагы деңгээлинде калды. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Күйүүчү-майлоочу майга карата чекене баанын кымбатташы Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда күйүүчү отунга карата сезондук суроо-талаптын көбөйүшүнө байланыштуу болгон.

Учурда Бишкек шаары боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензин — 35, АИ-95 — 38 жана АИ-98 — 43 сомдон сатылууда. Ал эми Ош шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин — 37,5, АИ-95 — 40,5 сом болууда.