Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/05 12:05
 

Депутат Бакыт Төрөбаев: “Айыл Банк МТС ачам деген айыл өкмөткө жардам бериши керек”

Бишкек, 12-май /Шаххан Мырзабеков – Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, 2015-жылы өлкө боюнча 1 млн тонна картошка өндүрүлгөн. Бул 257 пайызга өсүш болду.

“Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен бизге 600 товардын түрүн экспорттоого шар түзүлдү. Ал товарлардын 400 түрүн айыл чарба багытындагы товарлар түзөт. Бүгүнкү күндө жаңы техникалардын жоктугуна байланыштуу дыйкандарыбыз буудай, арпа жана картошкадан башканы өстүрө албай келишет. Ошондуктан, биз аларды көрүп, билип туруп дыйкандар башка да үрөөндөрдү сепсин деген ойдо МТСтерди ачып жатабыз. Мындан улам биз Өкмөткө сунуш киргизип, МТС жөнүндө токтомду бекиттик. Бүгүнкү күндө Нарындан баштап Талас жана башка облустардан 86 айыл өкмөт лизинг аркылуу МТС ачууга билдирүү келип түшкөн. Айыл өкмөттөр лизинг аркылуу МТС ачалы десе, Айыл Банктын өкүлдөрү бизге эч кандай тапшырма берилген жок деп аларга тоскоол кылып жатат. Мен Өкмөт башчысына Айыл Банктын жетекчисин алмаштырсын же дыйкандардын өндүргөн азык-түлүктөрүн сатканга жана МТС курам дегендерге жардам берсин деп айткым келет. Айыл өкмөт башчынын кызматы мамлекеттик кызмат. Мамлекеттик кызматтын башчысы мамлекеттик банктан акча сурап жатат. Ошондуктан, бул маселе орчундуу”, - дейт Б.Төрөбаев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу