Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/05 11:42
 

Депутат Тынчтык Шайназаров: “Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла албай калышы мүмкүн”

Бишкек, 12-май /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыныда “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди.

“Бүгүнкү күндө биз коңшу Казакстандан цемент менен этти сатып алып жатабыз. Ун тармагын болсо биротоло жоготуп алдык. Ага байланыштуу 10 миңден ашык киши жумушсуз калды. 10 миңден ашуун үй-бүлө кирешесиз калды. Мындан улам келечекте Кыргызстан башка өлкөдөн толук көз каранды болуп калышы мүмкүн”,-деди Т.Шайназаров.

Мындан сырткары, депутат Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла албай калышы мүмкүн экендигин айтты. Анткени, импорт 80%га жакындап калды дейт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу