11.05.2016, 13:06

Улуттук банк күмүш куйма чыгарууну көздөп жатат

 Улуттук банк күмүш куйма чыгарууну көздөп жатат

Бишкек, 11-май /Кабар/. Кыргызстандын улуттук банкы күмүш куйма чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал азыркы учурда Улуттук банк кандай куймалар суроо-талапка ылайык колдоно тургандыгын изилдеп жатат деп белгиледи.
“Күмүш куймалар арзан турат, анткени бизде кымбат баада куйма жасоо сунушу бар: 100 грамм, 1 кг, 10 кг жана андан көп”,-деди ал.

“Ислам принциптеринде ишти алтын менен каржылоого тыюу салынган, келечекте бул каржылоо рыногу өнүксө жаңы  зарылчылыктар пайда болот. Ошондо бул металлдар дагы киргизилиши мүмкүн”,-деди Т.Абдыгулов.