Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
10/05 12:35
 

Мамлекеттик салык кызматы: Декларацияны тапшыргын салык төлөөчүлөрдүн саны жылдан-жылга өсүүдө

 Мамлекеттик салык кызматы: Декларацияны тапшыргын салык төлөөчүлөрдүн саны жылдан-жылга өсүүдө

Бишкек, 10-май /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 10-майына карата Бирдиктүү салык декларациясын 380 миң 990 салык төлөөчү тапшырды. Алардын ичинен 37 миң 291 мекеме, 167 миң 185 жеке ишкерлер жана 162 миң 713 жеке жактар, ошондой эле 13 миң 801 мамлекеттик кызматкерлер болду.

“Декларацияны тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санынын жылына өсүү тенденциясынын туруктуулугун статистика көрсөтүүдө. Мисалы, 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу декларациялар 13 миң 730га, ал эми 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу 18 миң 581ге көп болгон. Үстүбүздөгү жылдын 1-майындагы абал боюнча декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн 213 салык төлөөчү административдик жоопкерчиликке тартылган”,-деди К. Кумашов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу