Экономика

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/05 12:01
 

МСК: 2016-жылдын апрель айында салыктар жана төлөмдөр боюнча план 105, 3 пайызга аткарылды

Бишкек, 10-май /Дайырбек Мейманов-Кабар/. 2016-жылдын апрель айында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) тарабынан 4 млрд 991,1 млн сом салыктар жана төлөмдөр чогултулуп, белгиленген план 105,3 пайызга, же 250,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдын апрель айына салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 1 млрд 627,7 млн сомго же 48,4 пайызга жогорулаган.
“2016-жылдын январь-апрель айларында 20 млрд 107,3 млн сом салыктар чогултулуп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд 635,3 млн сомго же 38,9 пайызга көбөйгөн. Ошол эле учурда биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд 67 млн сом суммасында кем жыйналган салыктын суммасы апрел айынын пландык көрсөткүчүн ашык аткаруунун эсебинен 250, 1 млн сомго кыскарганын белгилей кетмекчибиз”,-деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу