Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
07/05 17:47
 

Жыл башынан бери 2,1 млрд сомдон ашуун суммада жеңилдетилген кредиттер берилди

Бишкек, 7-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 26-январындагы №25 токтому менен «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун бекиткен. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Долбоордо коммерциялык банктар республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттарда кредиттик каражаттарды берери каралган:
- пайыздык чени – жылына 10%,
- кайтаруу мөөнөтү – 3 жыл,
- карыздын негизги суммасын тындырууга жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин,
- жеке кредиттер боюнча 100 миң сомго чейинки кредиттик каражаттар күрөөсүз негизде 12 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен берилиши мүмкүн.

2016-жылы республикалык бюджете субсидиялоого 400 млн сом каралган. Бул каражаттар айылдык товар өндүрүүчүлөрдү 2,7 млрд сом суммасындагы кредит менен камсыздамакчы.
Бүгүнкү күндө 5 коммерциялык банк «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун ишке ашырууга катышууда. Алардын кредиттөөсүнүн жалпы көлөмү 2,7 млрд сомду түзөт.

Коммерциялык банктар берген отчёттор боюнча, 2016-жылдын 8-апрелине карата «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 6 416 айылдык товар өндүрүүчүгө 2 млрд 139 млн 656,1 миң сом суммасында кредит берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу