Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
07/05 14:43
 

Ош: Ири жана чакан ишкерлер өз продукцияларын дүң баада сатууда

Бишкек, 7-май /Кабар/. Бүгүн, 7-май Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драм театрнда бизнес жарманке ачылды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаттары, экономика министирлигинин, Жеке ишкерлер ассоциациясынын республиканын баардык аймактарындагы өкүлдөрү жана кошуна мамлекеттерден келген ишкерлер, ошондой эле шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Жалпысынан 38 ири, 16 чакан компания өз продукцияларын саттыкка алып чыгышты. Эл аралык бизнес жарманке Ош шаарында экинчи ирет өтүп, Орусия, Казакстан, Таджикистандык да ишкерлер келген.

Бизнес жарманкени Ош шаарынын мэриясы, Ош ЖИА бизнес ассоциациясы менен биргеликте уюштурган. Ош шаарынын биринчи вице-мэринин айтымында, жарманкенин негизги максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, алардын чыгарган продукцияларын элге жайылтуу.

“Бүгүнкү жарманке өлкөдөн чыккан продукцияларды элге танылтууга мүмкүнчүк берет.Ошону менен катар чет жактан келген коноктор көрүп, билип, сапатын баамдап кетип жатат. Ата мекендик өндүрүштөрдү жайылткан соң, бажы биримдигинин талабы менен экспоттоого да ыңгайлуу. Ошондой эле шаардыктарга экологиялык жактан таза, сапаттуу жана дүң баада керектүү продукцияларды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”,- деди З.Аскаров.

Азыркы тапта Ош шаарында 92 ири жана чакан компаниялар бар. Ал эми жеке ишкерлердин саны 32800. Быйылкы жылдын биринчи кварталында эле өндүрүштүн көлөмү 1 млрд 77 миллион сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, экинчи эл аралык бизнес жарманке ОУДТда эртен да уланат. Жарманкеде фирма-заводдордон чыккан продукциялар, курулуш материалдар дүң баада сатылып, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышууга жана кеңири маалымат алууга шарт түзүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу