Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
07/05 14:20
 

Ош: жылуулук камсыздоо борборун реконструкциялоо боюнча меморандумга кол коюлду

Бишкек, 7-май /Кабар/. Кечээ, 6-майда Ош шарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайлык машинакуруу корпорациясынын башчысы Фенг Чангсуе баштаган өкүлдөр менен жолукту. Ага Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчылары, Кытай консулунун өкүлдөрү келип катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жылуулук камсыздоо борборун реконструкциялоо боюнча меморандумга кол коюлду. Эки өлкө жылуулук камсыздоо борборун мазуттан көмүргө алмаштыруу, отказандардын жаңысын орнотуу боюнча бир нече ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Кытайлык делегация борбордо азыркы тапка чейин иштеп келе жаткан отказандарды калтырып, дагы эки көмүр менен иштей турган отказандарды орнотууну пландап жаткандыгын билдирди.

Ал эми калаа башчысы убакыт өтүп жакандыгын айтып, реконструкциялоо багытын батыраак колго алууну келген өкүлдөргө сунуштады.

“ Март айында жылуулук шаарда өчүрүлүп, кайрадан октябрдын аяктары берилет. Андыктан реконстуркциялоо багытындагы суроо талаптарды батыраак чечип, жумушту баштоо кажет”,-деди А. Кадырбаев.

Өз кезегинде Кытайлык делегация аз убакыт аралыгында баштала тургандыгын билдиришти. Ошондой эле келген конокторго Ош шаарынын мэриясынын атынан калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев белектерди тапшырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу