Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/05 10:48
 

Кыргызстан менен Кытайдын өкүлдөрү чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту

Бишкек, 7-май /Кабар/. 6-майда КРнын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу агенттигинин директорунун орун басары Ш.Адилбек уулу менен КЭРдин Гуанчжоу шаарындагы Сheng Xialei чакан ГЭС боюнча Эл аралык борборунун башкы директору чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу КРнын экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чакан ГЭС боюнча Эл аралык борбор UNIDO (Индустриалдык өнүгүү боюнча Бириккен улуттар уюму) менен Кытай өкмөтүнүн биргелешкен аракетинин натыйжасында энергия булактарын калыбына келтирүү, айрыкча чакан ГЭСтерди дүйнө жүзүнө жайылтуу максатында негизделген.

Аталган уюм тренингдерди, консультацияларды жүргүзүү, долбоорлорду ишке ашыруу аркасында чакан ГЭСтерди глобалдык өнүктүрүүнү карайт. Чакан ГЭСтердин эл аралык борбору чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча стратегияны ишке ашырууда КР Өкмөтү менен биргелешкен кызматташтыкка кызыктар болууда.

Меморандумга кол коюу кеңешме алкагында өтүп, Ш. Адилбек уулу Кытай бизнесмендеринин, UNIDO башкы штаб-квартирасынын, ошондой эле Эфиопиянын, Нигериянын, Перунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандын чакан ГЭСтеринин потенциалы менен таныштырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу