Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
06/05 18:23
 

Фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы: Кыргызстандан Казакстанга картөшкө ташуу маселеси жакын арада чечилет

 Фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы: Кыргызстандан Казакстанга картөшкө ташуу маселеси жакын арада чечилет

Бишкек, 6- май /Кабар/. Өкмөттүк деңгээлде козголгон Кыргызстандан Казакстанга картөшкө ташуу маселеси жакын арада чечилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Фитосанитардык көзөмөл башкармалыгынын директору Таалайбек Айткулов билдирди.

Казакстандык ЖМКлар аталган өлкө Кыргызстандан өз аймагына картөшкөнү киргизүүгө тыюу салганын жазып чыгышкан. Мындай чара Кыргызстанда өстүрүлгөн картөшкөлөр “алтын нематода” Globodera rostochiensis (Wollenweber) Behrens оорусуна чалдыкканы менен түшүндүрүлгөн. Январ айында эле картөшкөнүн мындай оорууга чалдыккан 79 учуру катталып 1000 тоннадан ашык продукция Кыргызстанга кайтарылган.

Т.Айткуловдун айтымында, бул окуядан соң Маминспекциянын инспекторлору Таласта кеңешме өткөрүшүп, андан кийин Казакстандын Жамбул облусуна барышып, казакстандык кесиптештери менен пикир алышкан. “Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория Бишкек менен Ош шаарында гана бар. “Алтын нематода” картөшкө оорусу Талас, Чүй, Чоң-Кеминде таралган. Бул оору ошондой эле Казакстандын Алма-Ата, Жамбул, Павлодар облустарына да жайылган. Казак тарап Кыргызстандын түштүк аймагынан алынып келинген картөшкөлөр урук катары колдонулуп кетишинен кооптонуп жатышат”-деди Т. Айткулов.

Фитосанитардык көзөмөл башкармалыгынын директорунун маалыматына караганда, картөшкө Белоруссоиядан, Россиядан ташылып келип Казакстанда көп болуп жаткандыктан да Кыргызстандын картөшкөлөрүн киргизүүгө тыюу салып жатышат. “Бул убактылуу көрүнүш, ал жакын арада чечилет”, - деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу