Экономика

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
30/04 09:56
 

Өкмөт бардык облус борборлорунда заманбап фитосанитардык лабораторияларды курууну пландаштырууда

 Өкмөт бардык облус борборлорунда заманбап фитосанитардык лабораторияларды курууну пландаштырууда

Бишкек, 30-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-апрелде, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана реконструкциялоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Булл тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешме премьер-министрдин жакын арада өткөн жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлдү, анын алкагында ал Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жана Борбордук фитосанитардык лабораториянын абалы менен таанышкан.

Өкмөт башчы белгилегендей, Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги талабы – республикада эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болуусу эсептелет. КР Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимине ылайык, 2016-жылдын 1-августунан тарта ЕАЭБ өлкөлөрү менен чектешкен аймактарда ветеринардык көзөмөл алынууга тийиш. Аталган тапшырманы аткаруу иретинде Премьер-министр ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, реконструкциялоо ишин ырааттуу түрдө жүргүзүүнү тапшырды. Алгачкы баскычта Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабораториялар, андан соң аймактагылары модернизацияланат.

КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, республикада бүгүнкү күнгө карата 30 фитосанитардык лаборатория бар. Калысбек Жумаканов Өкмөт башчыга учурда лабораторияларды оптимизациялоо боюнча иш жүрүп жаткандыгын маалымдады, натыйжада, 11 лаборатория кыскартылат. Калган 19 лаборатория модернизацияланат.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев маалымдагандай, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык стандарттарга жооп берген эки заманбап лаборатория бар. Анын айтымында, өлкө аймактарында дагы ушул сыяктуу беш лабораториянын курулушу пландаштырылууда, ал максатта 45 млн сом каражат керектелет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу