Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/04 14:56
 

Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстандын 13,5 млн евро карызын кечти

 Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстандын 13,5 млн евро карызын кечти

Бишкек, 29-апрель /Шаххан Мырзабеков – Кабар/. Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстандын 13,5 млн евро карызын кечти. Бул тууралуу КРнын финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бүгүнкү күндө Германиянын өкмөтү менен 3 конверсиондук операциясын аяктады. Конверсиянын талабы боюнча сырткы карызды төлөй турган каражат өлкө ичинде калып, өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалышы керек. Конверсиянын биринчи этабы 2006-жылы ишке ашырылган. Ал кургак учук менен ооругандардын тамактануу шартын жакшыртууга жумшалган. Бул максаттарга бюджеттен 3,5 млн евро бөлүнгөн. Ошону менен бирге эле Германия өкмөтү 0,77 млн евро карызды кечкен.

Конверсиянын экинчи этабы 2010-жылы ишке кирген коммуналдык инфраструктураны колдоо үчүн бюджеттен 2,25 млн евро бөлгөн. Бул каражатка мектеп, ФАП, спортзал жана балабакча сыяктуу 14 социалдык объект курулган.

Ал эми 2012-жылдын декабрында конверсиянын үчүнчү этабында 8,5 млн еврого келишим түзүлгөн. Германия өкмөтү коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агентигине 20 социалдык объект курууга 3,8 млн евро бөлгөн. Мындан тышкары 78 айыл аймактарындагы суу жеп кетүү коркунучу бар жерлерге мажүрүм тал жана терек отургузуу иштерин жүргүзүү ишке ашыруу компонентинин алкагында 320 гектар жерге 1,1 млн түп бак отургузулган.

2016-жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын германияга болгон карызы 86,3 млн еврого жеткен. Германия өкмөтү карызын кечкенден кийин 72,8 млн евро карыз калды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу