Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/04 12:13
 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ресурстардын түшүүсү 40,4%га өстү

Бишкек, 28-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

“Алдын ала маалыматтар боюнча айта турган турган болсок 2016-жылдын 1-кварталында республикалык бюджет 129,9 млн сомду түздү. Тактап айта турган болсок, 25 млдр 848,1 млн сом өлчөмүндө белгиленген план 108 пайызга аткарылды. Анда атайын каражаттар жана мамлекеттик инвестициялар программасы эске алынбайт. Ал эми 2015-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырсак ресурстардын түшүүсү 40,4 пайызга көбөйдү”,-деди У.Карымшаков.

“Бул түшкөн ресурстардын курамында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 40,8 пайыз, Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 20,5 пайыз, МКВдан түшкөн кирешелер 5,5 пайыз бюджеттик ссудаларды кайтаруудан 4,8 пайыз түштү. 2016-жылдын 1-кварталында республикалык бюджетке түшкөн кирешелер атайын пайызды кошпогондо 26 млрд 42,3 млн.сомду түздү деп айтсакболот. Бул багыттагы план 106,2 пайызга аткарылды. Ал эми бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 8 млрд 44,6 млн сомго көбөйдү”,-деп кошумчалады ал.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу