Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
27/04 19:01
 

Эксперт: “Өндүрүлгөн электр энергияга караганда аны керектөөчүлөр көп болгондуктан Кыргызстанда энергетикалык кризис болуп жатат”

 Эксперт: “Өндүрүлгөн электр энергияга караганда аны керектөөчүлөр көп болгондуктан Кыргызстанда энергетикалык кризис болуп жатат”

Бишкек, 25-апрель /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергияга караганда аны колдонгондордун саны көп болуп жаткандыктан, өлкө энергетикалык кризиске туш болуп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине энергика маселеси боюнча эксперт Карыпбек Алымкулов билдирди.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда энергетикалык кризис эмнеден улам болуп жатат деген суроо жаралат. Анын себеби бизде күз жана кыш мезгилинде өндүрүлгөн электр энергияга караганда электр энергиясын колдонгондордун саны өтө көп болуп жатат. Ошондуктан, акыркы эки жылдан бери Казакстан менен Тажикстан мамлекеттинен электр энергиясын сатып алдык. Ошондой эле, энергетикалык кризиске туш болуп жатышыбыздын дагы бир себеби, акыркы 3-4-жылдан бери Токтогул суу сактагычына керектүү көлөмдө суу топтой албай жатабыз”,-дейт К.Алымкулов.

“Ошондой эле биз бүгүнкү күндө энергетикалык кризистен чыгабыз деп электр тарифин көтөрүп коюу менен жыйынтык чыгып калбайт. Биринчиден, бул тармакты башкаруу системасын өзгөртүш керек. Экинчиден, электр энергиясын алып сатуу маселесин жөнгө салуу зарыл. Ошондуктан, мен экономикалык кризис убагында электр тарифин көтөрбөшүбүз керек. Тариф саясатын кайра карап чыксак ашыкча болбойт. Ошондой эле, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 9 млрд куб метр суу топтолду. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда бул 2 млрд 600 млн куб метрге көп болуп жатат. Былтыркыдай суунун агымы аз болсо быйыл 15 млрд 600 млн куб метр суу топтосок болот. Анткени, өткөн жылдын октябрь айында 13 млрд куб метр суу топтогонбуз. Ошол суунун көлөмү өзүбүзгө жетиштүү болгондуктан биз Казакстандан электр энергиясын сатып алган жокбуз. Ал эми быйыл октябрь айына чейин 15 млдр куб суу топтой алсак, анда биз сырттан 1 куб электр энергиясын сатып албастан кыштан чыксак болот”,- деп кошумчалады ал.

Ал эми энергетика тармагы боюнча дагы бир эксперт Базарбай Мамбетов электр энергияга болгон тариф жогоруламайынча электр тармагы оор абалда кала берет деп билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын энергетика тармагы кризиске кептелгендигин жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу