Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/04 14:19
 

Тамчы аэропортун реконструкциялоо иши 2016-жылдын июнь айынын орто ченинде бүтөт

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргыз Республиксынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Тамчы айылында жайгашкан «Ысык-Көл» Эл аралык аэропортун реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Манас Эл аралык аэропорту» ААК инвестициялоо жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Абдималик Бусурманкулов Өкмөт башчыга «Ысык-Көл» аэропортундагы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
«Аэропортту реконструкциялоо 4 багытта жүрүүдө. Аларга жарык белгилери тутумун, учактарды кондуруу тутумун орнотуу, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана учуп-конуучу тилкени кеңейтүү иштери кирет. Бүгүнкү күнгө карата учуп-конуучу тилке 3800 метрге дейре кеңейтилди», — деп билдирди ал.
Анын айтымында, реконструкциялоо аяктаган соң, аталган аэропорт жыл бою күнүнө 24 сааттан иш алып барат.

«Учурда россиялык жана казакстандык авиакомпаниялардан түз аба каттамдарын ачуу тууралуу сунуштар келип түшүүдө. Алсак, туристтик сезон алдында Алматы-Тамчы, Астана-Тамчы жана Чимкент-Тамчы багыттары боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар иштеп баштайт. Буга катар Ош – Тамчы багыты боюнча ички каттамдарды ишке киргизүү тажрыйбасы улантылат», — деп маалымдады «Манас Эл аралык аэропорту» ААК өкүлү Абдималик Бусурманкулов.

Өз кезегинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бардык белгиленген иштердин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышнын маанилүү экендигин белгиледи.

«Тамчы айылындагы аэропорт жалпы Ысык-Көл облусунун туристтик тармагын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ. Быйылкы жылы Ысык-Көл облусунда өлкөнүн жана анын эл аралык деңгээлдеги аброю үчүн чоң мааниге ээ болгон бир катар ири эл аралык иш-чаралар өтөт. Муну эске алуу менен аталган аэропортту реконструкциялоо иштерин пландаштырылгандай, 2016-жылдын июнь айынын орто ченинде жыйынтыктоо зарыл», — деп белгиледи премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу