Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
26/04 13:44
 

ЭВФ тарабынан бөлүнгөн каражат өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактоого жумшалат

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев бүгүн, 26-апрелде Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы Эдвард Жемайэл жана ЭВФ кеңсесинин өкүлү Яхья Саид менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын учурдагы социалдык-экономикалык абалы, Кыргызстан менен ЭВФ ортосундагы кызматташтык мамилелердин негизги багыттары жаатында пикир алышты.

Депутат Аскарбек Шадиев ЭВФ менен кызматташууга каржылык туруктуулукка жана ырааттуу өнүгүүгө түрткү бере турган ишенимдүү өнөктөш катары артыкчылыктуу маани берерин белгилеп, Кыргызстанга такай жарам берип келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан сырткары, тармактык комитеттин төрагасы насыялык механизмдерди кеңейтүү боюнча үч жылдык программанын алкагында ЭВФ тарабынан бөлүнгөн каражат өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактоо багытында жумшаларын белгиледи.

Ал эми Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы Эдвард Жемайэл Кыргызстанга каржылык жана экономикалык программалардын аткарылуу жүрүмү менен таанышуу үчүн келгенин айтты. «ЭВФ банк тармагын бекемдеп, валюта рыногундагы тобокелчиликтерди азайтууга, Кыргызстандын тышкы карыздарын жөнгө салууга багытталган мыйзам актыларын кабыл алууну сунуштайт», - дейт ал.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу