Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
26/04 10:09
 

Премьер-министр: “Тоо-кен тармагы республиканын экономикасындагы маанилүү тармактардын бири”

 Премьер-министр: “Тоо-кен тармагы республиканын экономикасындагы маанилүү тармактардын бири”

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев Өкмөт башчыга өлкөнүн тоо-кен өндүрүү тармагындагы абалы тууралуу маалымат берди.

«Тоо-кен тармагындагы бардык ишканалар штаттык режимде иш алып барууда. Мурда ишке берилген ишканалар боюнча көйгөйлөр жок, буга катар дагы бир нече ишканаларды ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлүүдө», – деп маалымдады ал.

Өз кезегинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ведомствонун ырааттуу ишиш белгилеп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып баруунун зарылдыгына басым жасады.

«Тоо-кен тармагы республиканын экономикасындагы маанилүү тармактардын бири болуп саналат, ошондуктан анын өнүгүүсүнө биз өзгөчө көңүл бурабыз. Буга катар аталган тармактагы өндүрүш заманбап илимий жетишкендиктерге ылайык жана экологиялык талаптарды эске алуу аркылуу курулушу абзел. Ошондо гана биз тоо-кен тармагындагы туруктуулукка жана жаңы кендерди иштетүү маселесинде жергиликтүү калктын түшүнүү менен кабыл алуусуна жетише алабыз», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу