Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
21/04 16:31
 

Жалал-Абадда суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп жатат

 Жалал-Абадда суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп жатат

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. “Жалал-Абад шаарында суу менен камсыз кылууну жана канализацияны кайра калыбына келтирүү” долбоорунун биринчи приоритетинде 13,2 чакырым суу түтүгүн куруу каралган болсо, бул жумуш бүгүнкү күндө 90 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Садыр Айтбаев билдирди.

Анын айтымында, май айынан тарта мурда казылган жерлерге асфальт төшөө иштери башталып, ал айдын аягында бүткөрүлөт. Экинчи приоритет - бул“Курманбек” жана Чыңгыз Айтматов атындагы аймактык башкарууларында жайгашкан турак-жайларга суу жеткирүү. Демек, 236 суу эсептегичтери орнотулган шкафтар аркылуу ар бир жеке турак жайларга суу жеткирилет.

“Бул жумуштарды “Ак-Бата” акционердик коому аткарып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 200 миң евродон ашык көлөмдөгү жумуштар аткарылды. Негизинен керектүү курулуш материалдарынын 80 пайыз сатылып алынды. Шаардагы турак жайларга суу эсептегичтер коюулуп, суу киргизилет. Бул иштердин жалпы көлөмү 7 миллион еврону түзөт. Бул иштер толук аткарылып бүткөн соң, жалпы суу камсыз кылуу системасы “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына өткөрүлүп берилет”, - дейт С.Айтбаев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу