Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
20/04 12:22
 

Үстүбүздөгү жылы 120 объектинин курулушун улантууга бюджеттен каражат бөлүндү

Бишкек, 20-апрель /Шаххан Мырзабеков- Кабар/. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.

“Үстүбүздөгү жылы 120 социалдык объектинин курулушун улантуу үчүн бюджеттен 925 млн сом бөлүнүп берилди. Башкача айтканда быйыл жаңы объектерди куруу иштери тизмеге киргизилген жок. Бирок, жарым жылдын жыйынтыгы менен дагы капиталдык салымга каражат бөлүп беребиз дешти.

Себеби, бизге өткөн жылы социалдык объектерди куруу үчүн 2 млрд 82 млн сом бөлүнүп берилген. Андан сыркары капиталдык салымга экинчи булакты таап беришти. Мисалы, Жер-Үй кенинен түшкөн каражаттын 90 пайызын курулуш тармагына жумшап жатабыз же өлкө аймагына курула турган 100 мектептин курулушуна жумшоодобуз”,-дейт Т.Мамбетов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу