Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
20/04 09:54
 

Өткөн жылы Жалал-Абадда 2 миңдей көмүскө ишкердиктин бети ачылган

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Өткөн 2015-жылдын 9 айында эле Жалал-Абад шаарында көмүскө ишкердик менен алектенүүнүн 1972 учуру катталып, алардын салык каражаттары казынага тартылып, жалпысынан 6 миллион 908,9 миң сомдук кошумча төлөм казынага түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын башчысы Абыда Кочкорова билдирди.

2015- жылы шаар мэриясынын алдында аталган башкармалык түзүлүп, мурда жылдар бою көмүскө ишкердик менен алектенип келген жеке субъекттерди аныктаган жана 7 миллионго жакын сом каражаттар шаардын жана мамлекеттин казынасына түшкөн.

“Бизде шаардык бюджеттин киреше салыгын кеңейтүү максатында көмүскөдө калып кеткен салык төлөөчүлөрдү таап, салык базасын бекемдеп жатабыз. Бирок, биздин ишибизде айрым тоскоолдуктар бар. Себеби, салык төлөмдөрүн толук камсыз кылуу үчүн салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүү, алардын отчётторун алуу, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин бланкаларын жазуу сыяктуу милдеттер да башкармалыкка берилиши зарыл. Азыр бизде мындай укуктар жок. Эгер ушул укуктар башкармалыкка берилсе, анда шаардын салык базасы дагы да кеңейип, казынаганын киреше бөлүгү дагы да көбөймөк. Ошону үчүн жергиликтүү мэрия бул маселени чечип берүү жагын жогорку мамлекеттик органдардан суранып жатат”, - дейт А. Кочкорова.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу