Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/04 09:35
 

Ош мэри кытайлык инвесторлор менен жолугушууда кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүп жатканын айтты

 Ош мэри кытайлык инвесторлор менен жолугушууда кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүп жатканын айтты

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Кечээ,, 18-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Кыргыз-Кытай Апшыр цемент” долбоорунун алкагында кытайлык инвесторлор менен жолугушту. Ага мэриянын тиешелүү бөлүм башчылары жана Кытай Эл Республикасынан келген бир нече цемент заводдорунун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчысы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтык, анын ичинде соода-сатык байланыштар барган сайын өнүгүп жатканын баса белгиледи.

“Кытайлык өнөктөштөр менен Ош шаарынын ишкерлеринин биргелешип иштеген кызматташтыгы өзүнүн жемишин берип жатат. Андыктан, “Абшыр-цемент” кыргыз-кытай биргелешкен долбоорунун ишине ийгиликтерди каалап, Ош шаарынын мэриясы шаардын экономикасына салымын кошкон инвесторлорго ар тараптан колдоп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даяр”,- деди А.Кадырбаев.

Ал эми келген инвесторлор Ош шаары менен кызматташып иштешүүгө кызыктар экендигин билдирди.
“Бийик толуу, абасы таза, кооз аймактарда бул долбоорлор ишке ашат деп ишенем”,- деди “Синема” акционердик коомунун президенти Пенг Жиенсин.

“Кыргыз-Кытай Апшыр цемент” долбоорунун алкагында өткөн жылы кытайлык үч завод менен макулдашып, бир миң эки жүз тонналык цемент заводун куруу боюнча кол коюлган.

 

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу