Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/04 17:48
 

Кант кызылчасын Талас жергесинен ташып келүү бир топ каражатты талап кылат

 Кант кызылчасын Талас жергесинен ташып келүү бир топ каражатты талап кылат

Бишкек, 18-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Экономика министрлигинин Түндүк аймактар башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев билдирди.

“Талас жергесине кант кызылчасын өстүрсөк эң эле сонун болмок. Бирок аны өстүрөөрүн өстүрүп алып, Таластан ташып келүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралып, чыгымдын бары жолго эле кетүүдө”,-деди З.Жумалиев.

Зайнидин Жумалиевдин айтымында, былтыр Таласта аймакта кант кызылчасы айдалбай калган. “Эгер быйыл Таласка кант кызылчасын өстүрө турган болсок, аны темир жол менен алып келүү керек. Ал үчүн коңшу казак туугандардын жолу менен өтүүгө туура келет. Көпчүлүккө белгилүү болгондой мурда казак-кыргыз чек арасында көйгөйлөр жокко эсе болуп, тарифтер дагы арзан болчу. Кант кызылчасын эч кандай көйгөйсүз алып келчүбүз. Бүгүнкү күндө темир жолдун тарифтери кымбаттады. Ал дагы бир топ каражатты талап кылат. Бирок канткен күндө дагы дыйкандардын өстүргөн кызылчалары талаада калбайт. Эгер себилсе кандай жол менен болбосун ташып келүүгө аракет жасайбыз ”,-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, ММКда Таластын дыйкандары кант кызылчасын өстүрүүгө болобу? Жергиликтүү калк кант кызылчасын өстүрүүгө даяр эмес экендиги туурасында маалыматтар чыккан эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу