Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/04 18:08
 

Бензиндин кымбатташы дыйкандарга таасир этпейт

 Бензиндин кымбатташы дыйкандарга таасир этпейт

Бишкек, 14-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КР айыл-чарба министрлигинин Айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү боюнча борборунун жетекчиси Аскарбек Сагынбаев билдирди.

“Ооба бүгүнкү күндө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учурда бензиндин жана дизел отунунун баасы көтөрүлүп жатат. Бирок, бензиндин кымбатташы дыйкандарга көп деле кедергисин тийгизбейт. Анткени, дыйкандар жер айдоодо, жазгы талаа иштерине көбүн эсе дизел отунун колдонушат. Ал эми бензинди көп болсо 10 пайыз гана колдонушат. Дизел отуну кымбаттабай турса дыйкандарга зыяны тийбейт эле. Анткени, ал бардык дыйкандар үчүн талаачылыкта колдонулуучу эң негизги каражаттардын бири, негизги куралы болуп саналат”,-деди А.Сагынбаев.

Эскерте кетсек, 11-апрельде АИ-80, АИ-92 маркасындагы бензиндин жана дизел отунунун баасы бир сомго кымбаттаган. Мындан улам социалдык тармактарда бензиндин кымбатташы дыйкандарга терс таасирин тийгизбейби деген талкуу жүргөн эле.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу