12.04.2016, 18:19

Жыл башынан бери 4586 айылдык товар өндүрүүчүгө 1 млрд 560,4 млн сом жеңилдетилген кредиттер берилди

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен «Айыл чарбаны каржылоо–4» долбоордо коммерциялык банктар республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттарда кредиттик каражаттарды берери каралган. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- пайыздык чени – жылына 10%,
- кайтаруу мөөнөтү – 3 жыл,
-карыздын негизги суммасын тындырууга жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин,
- жеке кредиттер боюнча 100 миң сомго чейинки кредиттик каражаттар күрөөсүз негизде 12 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен берилиши мүмкүн.

2016-жылы республикалык бюджете субсидиялоого 400 млн сом каралган. Бул каражаттар айылдык товар өндүрүүчүлөрдү 2,7 млрд сом суммасындагы кредит менен камсыздамакчы.

Бүгүнкү күндө 5 коммерциялык банк «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун ишке ашырууга катышууда. Алардын кредиттөөсүнүн жалпы көлөмү 2 млрд 700 млн сомду түзөт.

Коммерциялык банктар берген отчёттор боюнча, 2016-жылдын 8-апрелине карата «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4586 айылдык товар өндүрүүчүгө 1 млрд 560 млн 446,4 миң сом суммасында кредит берилди.